Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.
Анда келишим менен тааныштырып жаткан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара 1991-жылдагы материалдар менен чечилгенин тактап, буга тажик тарапты кантип макул кылганын айтты.
"Эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталганы эле тажик тарап чек араны тактоодо 1924-27-жылдардагы материалдар менен иштөөнү карманып келген. Алар 2024-жылга чейин ушинтип келишти. Ошол жылы акыры болбогондо мен билдирүү кылгам, муну баса белгилешим керек. Билсеңер, ошондо коомчулукта мени "туура эмес кылдың" дешкен болчу.
Ошондо мен тажик тарапка "эгерде силер биздин мамлекетибизге, жерибизге доомат кыла берсеңер, анда биз да Мургабга доомат коёбуз. Аны алууга акыбыз да, күчүбүз да жетет" дегем. Ошондон кийин анан алар кайрадан сүйлөшүп, сөзгө келишти. Анан алардын макулдугу менен №44 протоколго кол койгонбуз. Анда мындан ары чек араны тактоону 1991-жылдагы КМШ мамлекеттеринин декларациясынын негизинде жүргүзөбүз деп так жазылган", - деди ал.