Коңшу Өзбекстан курама командасынын жана "Манчестер Ситинин" коргоочусу Абдукодир Хусанов сүйлөшкөн кызына үйлөнүү сунушун киргизди.
Англиядагы укмуштуудай оюнунан кийин Абдукодир Хусанов жакындарына жана көптөгөн фанаттарына укмуштуудай романтикалуу сюрприз тартуулады. Ал сүйлөшкөн кызына баш кошууну сунуштаган.
Салтанаттын өтүүчү жери жана анын кооз интерьери, артисттер аткарган жандуу музыка жана мазмундуу сөздөр анын романтикасын ого бетер арттырды.
Жыйынтыгында футболчунун сүйлөшкөн кызы ага турмушка чыгууга макул болгон.
Эскерте кетсек, Хусанов "Манчестер Ситинин" күйөрмандарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Премьер-Лига клубунда февраль айынын мыкты оюнчусу аталды. Андан көп өтпөй эле футболчунун трансфердик баасы дагы 23 миллион еврого өскөн.