Украинада дайынсыз жоголгон 20 жаштагы модель оор абалда Дубайдан табылды

Үй-бүлөсү жана достору көптөн бери байланыша албай жаткан 20 жаштагы украиналык модель Мария Ковальчук Дубайдагы ооруканалардын биринен оор абалда табылды. Бул тууралуу Украинанын "Страна" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кыздын документтери жана телефону жок болгон. Ага үч жолу операция жасалып, учурда сүйлөй албай жатат. Ага кандай операциялар жасалганы айтылган жок. Ал 9-марттан бери дайынсыз болуп жаткан.

Ал сексуалдык кулчулукка кабылган деп болжолдонууда.

Мариянын Дубайга 15-февралда келип, Орусияда соттолгон саясат таануучу Борис Кагарлицкийди колдоо акциясына катышкан. Акыркы жолу кызды 9-мартта кечеде көрүшкөн. Ошондон бери кыз дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан