"Abrams, Leopard 2..." Москвадагы парадда Батыштын кайсы аскердик техникалары көрсөтүлөрү айтылды

9-майда Москва шаарында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда батыш өлкөлөрүнүн дагы аскердик техникалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу News.ru сайты жазды.

Андагы маалыматка ылайык, парадда көрсөтүлө турган батыштын техникаларын Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы согушта каршылаштарынан тартып алышкан. Буга чейин бул техникалар Орусиянын аймагында бир нече ирет көрсөтүлгөн.

Ошентип 9-майда Кызыл аянтта америкалык Abrams танкы, Германиянын Leopard 2 танкы, ошондой эле АКШда жасалган бронетранспортёрлор жана штурмдук инженердик унаалар көрсөтүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары Швециянын CV90 согуштук унаасы, Американын Bradley, Германиянын Marder согуштук унаалары көрсөтүлүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан