Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртө турган мыйзамдын кемчиликтери бар экенин айтты.
Жыйында аталган мыйзам биринчи окууда каралып жаткан. Анда Акаев азыркы аралаш шайлоо тутумунун жакшы жактарын белгилеп, жаңы мыйзамдын кемчиликтерин атады.
"Аралаш шайлоо тутуму жакшы жыйынтык берди. Партиялык коррупцияны кан буугандай токтотту. Мурда ондукка киргизиш үчүн 500 миң доллардан миллион долларга чейин алгандарын угуп жүрчүбүз. Азыр анын зарылдыгы жок. Азыркы системада сен 50үнчү турасыңбы, 3үнчү турасыңбы айырмасы жок. Мына "Альянс" фракциясынан Нилуфар Алимжанова тизмедеги 32-орундан суурулуп чыгып, депутат болуп келди. Экинчиден, аралаш шайлоо тутуму трайбализмди да токтотту. Талапкер Нарын, Алай, Талас менен да бирдей иштешет...
Ал эми окуруг болгондо өзүңдүн гана районуңа жан тартып калган учур болот. Коркунучу – 90 депутат келгенден кийин айыл деңгээлиндеги маселелерди көтөрүп калат. Көп учурда көпүрө менен мектепти көтөргөн учурлар болуп эле жатпайбы. Ал деген айыл өкмөттүн, акимдин жумушу да. Биз ошол деңгээлге түшүп калбашыбыз керек. Жакшы жагы – кеминде 30 аял киши депутат болот экен. Анткени шайлоо мыйзамы өнүккөн мамлекеттерде мындай квота жок. Мунусун артыкчылык катары карайбыз", - деди ал
Ошондой эле Акаев мыйзамда көп мандаттуу деп жазылган соң бир окуругдан бир талапкерге гана добуш берүү туура эмес болуп каларын белгиледи. Ал бир талапкерге гана добуш берүү бир мандаттуу шайлоо системасынын нормасы болуп саналарын эске салып, ошондуктан бир окуругдан 3төн депутат шайланып жаткандан кийин 3 талапкерге добуш берилиши керектигин билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 17-февралда коомдук талкууга чыккан болчу. Анда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген. Ошондой эле мыйзамда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралган. Депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Бүгүнкү күндө өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.