Канада Кытай алардын төрт жаранын дарга асканын жарыялады

Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли Кытайды төрт канадалыкты баңгизатка байланыштуу кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартты деп айыптады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

"Биз канадалыктардын Кытайда өлүм жазасына тартылышын катуу айыптайбыз", - деген ал журналисттерге.

Анын айтымында, өлүм жазасына тартылган адамдар Канада менен Кытайдын кош жарандуулугуна ээ болгон. Министр жалпысынан төрт канадалык өлүм жазасына тартылганын тактады. Ал башка маалымат берүүдөн баш тартты, болгону бул адамдар "баңгизатка байланыштуу кылмыштар боюнча" айыпталганын кошумчалаган.

Анын айтымында, ал бир нече ай бою соттолгондордун тагдырына жеке көзөмөл жүргүзгөн. Бирок, анын Кытай бийлигинен сурануусуна карабастан Кытай бул жарандарды өлүм жазасына тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан