18 жаштагы футболчу Испанияда машыгуу учурунда урулган соккудан улам каза болду

Коңшу кытайлык футболчу Го Цзясюань Испанияда окуу-машыгуу учурунда баш мээсинен жаракат алып, бир айдан кийин Пекинде каза болду. Бул тууралуу ал мурда ойноп кеткен мюнхендик "Бавария" клубу кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы футболчу февраль айында Испаниянын "Алькобендас" клубуна каршы оюнда башынан катуу жаракат алып, эс-учун жоготкон. Ал ошол замат тик учак менен ооруканага жеткирилген. 13-февраль күнү ал Пекинге алып келинип, ошондон бери ооруканада жаткан. Тилекке каршы, 19-март күнү кечинде ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Өз кезегинде "Бавария" футбол клубу маркумдун жакындарына көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан