Бразилияда дарыгер төрөт учурунда жүрөгү кармап каза болду

Бразилиядагы Паулу-Афонсу шаарында дарыгер-акушер төрөт учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы кабарга караганда, окуя 23-мартта Паулу-Афонсу шаарындагы Наир Алвес де Соуза ооруканасында болгон.

Франсиско Ксавье до Кармо көп жылдар ооруканада акушер болуп иштеген. 23-мартта ал төрөт кабыл алууга камданып жаткан учурда өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калган. Кесиптештери дарыгерди сактап калууга аракет кылышкан, бирок бардык аракеттерге карабастан ал ошол жерден каза болгон. Буга байланыштуу шаар бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады.

"Дарыгер Франсиско көрүнүктүү дарыгер гана эмес, бүт өмүрүн башкаларга кам көрүү үчүн арнаган укмуштуудай боорукер адам эле" деп жазылат шаар мэриясынын маалыматында.

"Франциско өз ишин жакшы көрчү, операциядан кийин ал бизди дайыма таттуулар жана суусундук менен сыйлачу", - деп эскерген анын кесиптештеринин бири.

Басылма анын үч баласы да медицина кызматкерлери экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан