Министр Кендирбаева Алайдагы мугалимдер жана тургундар менен жолукту 

Бүгүн, 26-мартта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Алай районунун жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр жарандарга "Алтын Казык" билим берүү системасынын алкагында 2024-жылы жасалган иштер, 2025-2026-окуу жылына мерчемделген пландар тууралуу жана 12 жылдык билим берүү боюнча маалымат берген.

Билим берүү министрлиги жолугушуунун максаты – региондордогу билим берүүнүн абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан