Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын байге утту.
Ал финалда индиялык балбан кыз менен кез келди. Беттеш бүтөрүнө 8 секунд калганда индиялык балбан астыда келе жаткан. Бирок, Айпери Медет кызы атаандашынын артына өтүүгө жетишип, беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда атаандашын артка айлантып дагы 2 упай алып, эсеп санын 6:6 кылып, жеңишти камсыздады.
Беттеш бүтөрү менен индиялык машыктыруучу жерди чаап, "челленж" баскычын басты. Калыстар видео кайталоону көргөндөн кийин Айпери Медет кызына дагы бир упай берип, эсеп саны 7:6 болду.
Муну менен Айпери Медет кызы үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.
Буга чейин ал 2022-жылы Улан-Батордо жана 2024-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда алтын байге уткан.