Жер титирөө маалында кандай эрежелерди эске алуу керек? ӨКМ жооп берет 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдө эмне кылуу керектигин айтып, айрым эрежелерди сунуштады.

Ага ылайык, жер титирөө башталганда эң алгач керектүү буюмдарды алып, тезинен сыртка чыгуусу аракет кылуу керек.

Жер титирөө башталган эмне кылуу керек?

  • Уюлдук телефонун жана өздүк документтин алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгуусу керек.
  • Эгер адам кырсык учурунда биринчи кабатта болсо, 10-15 секунд аралыгында сыртка чыгуусу зарыл.
  • Ал эми үстүнкү кабаттарда болгон учурда, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу керек (столдун асты, үйдүн бурчу).
  • Жер титирөө маалында терезеден секиргенге болбойт.
  • Жер титирөө маалында адам сыртта болсо, туруксуз курулуштардан, кыйроочу имараттардан, көрнөк-жарнактар жайгашкан жерден алыс болуп, ачык жерде турууга аракет кылуусу зарыл.
  • Жер титирөө маалында эч качан лифт колдонууга болбойт, тепкич менен түшүү сунушталат.

Ошондой эле ӨКМ 1-3 баллга чейинки жер титирөө билнер-билинбес өтөрүн, ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө кыйроолорго алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Жер титирөө маалында кандай эрежелерди эске алуу керек?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан