Бишкектеги СИЗО-1де жаткан адам каза болду

СИЗО-1де камакта жаткан 47 жаштагы жаран ооруканадан каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, маркум былтыр 8-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. 27-мартта мекеменин дарыгерлерине ал ашказаны ооруганын айтып кайрылган. Дарыгерлер абактагы адамды текшерип, "Тез жардам" чакырып, Улуттук хирургия борборуна жиберген.

Ал жерде ага боор рагы деген диагноз коюлуп, ошол эле күнү операция жасалган. Бирок ал 28-март күнү саат 19:30дар чамасында жандандыруу бөлүмүндө үзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан