
Бүгүн, 7-апрелден баштап футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы жолдоштук беттештерине даярдыгын баштады. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалымдалгандай, машыгуулар Бишкек шаарындагы КФБ академиясынын спорт комплексинде өтөт. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина окуу-машыгуу жыйынга 11 талаа оюнчу жана 3 дарбазачыны чакыргандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, оюн Дубай шаарында 13-15-апрелде орун алат.