Депутат президенттен айдоочулардан экзамен алуу боюнча жарлыгын кайра карап чыгууну суранды (видео)

Жогорку Кеңештин бүгүн, 9-апрелдеги жыйынында депутат Балбак Түлөбаев 1-сентябрдан тарта айдоочулардан экзамен алуу тууралуу маселени көтөрдү.

Эл өкүлү жыйында президент Садыр Жапаровго кайрылып, жарлыкты кайра карап чыгууну суранды.

"Эл толук каршы болуп жатат. Президентибиз Садыр Жапаровдон жарылыгын артка кайтарып алуусун суранып жатышат. Биз мындай эле окуйбуз деп жатышат. Адам деген 100 пайыз акылдуу болуп кетпейт экен да, кээде унутат, кээде жаңылат. "Муну менен МАИ кызматкерлерине коррупцияга жол ачып берип жатасыңар" дешүүдө. Эл өкүлү катары Садыр Нургожоевичке кайрылып айтып жатам, ушул жарлыгын дагы бир жолу карап чыксын.

Жок дегенде муну пилоттук режимде Бишкек, Ош шаарынан баштайлы. Эл муну аябай катуу айтып жатат, бул туруктуулукка таасир бериши мүмкүн. Эл суранып жатат", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузгандар үчүн жаңы тартиптер кирерин билдирген. Анда токтотулган унаанын айдоочусунан жол эрежелери суралары, ал билбей калса ошол замат анын айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү айтылган. Алагөзов мындай чара жол кырсыктарын алдын алуу үчүн керектигин белгилеген.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан