Маск АКШ администрациясынан кетүүгө даяр

Америкалык миллиардер жана АКШнын өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин башчысы Илон Маск кызматынан кетүүнү каалайт. Бул тууралуу The Washington Post жазып чыкты.

Басылма тактагандай, Масктын кызматтагы мөөнөтү май айынын аягында бүтөт, бирок анын мөөнөтү узартылабы же жокпу азырынча белгисиз.

"Миллиардер кетүүгө даяр, анткени ал солчул саясатчылардын жагымсыз жана этикага жатпаган чабуулдарынан тажаган", - деп жазат The Washington Post өздүк булагына таянып.

Ошондой эле басылмага дагы бир Ак үйдүн атын атабаган расмий өкүлү АКШда эч ким Масктын командасы ийгиликке жете алган жок деп айта албастыгын, анткени ал көрсөткөн жыйынтыктар жакшы болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан