Ырчы Асема “Көк жал” аттуу драма-боевик тасмасына режиссёр болду. Бул тууралуу ырчы жана актриса өзү SUPER.KG порталына бүгүн, 2-августта билдирди.
Белгилүү болгондой, тасмада ырчы режиссёр гана болбостон, башкы ролдордун бирин жараткан. Бир жылдан бери тартылып жаткан тасма жакында эл назарына коюлат.
“Бул тасмага түрк улутунан да өкүлдөр тартылып, аларды кыргызча сүйлөттүрдүк. Башында Түркиядан тарталы дегенбиз. Биздин Маданият министрлигине жаман сөз тийгизгим келбейт, бирок документтерге байланыштуу иштер бүтпөй калды, жардам берем дегендер жардам бербей коюшуп бул оюбуз жүзөгө ашкан жок. Бул жолдон чыгып, Бишкекти Түркия кылып тарттык.
Чынын айтсам, тасмага режиссёрлук кылуу өтө оор болду. Команда бермейинче иш жүрбөйт, образды актёр майын чыгара аткарса экен деп ага маймылча туурап бересиң, ал аны аткарып бергиче күтөсүң, ойдогудай болбой калса кайра кайталап бересиң, айтор, кыйын кесип экенин жон терим менен сездим. Орто жолдо да апам инсульт болуп комага жатып калды. Бир оюм апамда болсо, бир четинен монтаж бүтпөй, кыйын учурду башымдан өткөрдүм. Азыр болсо баары ордуна келди. Тасмага токтолсом, анда кыргыз элинин социалдык көйгөйү чагылдырылган. Мен өзүм патриот адаммын, ушул көйгөйлөрдү тасма аркылуу элге жеткизүү - башкы максатым. Жакында бул тасма эл сынына коюлат”,- дейт Асема.