Венгриялык оператор тээп кулаткан сириялык качкынга Испаниянын белгилүү футбол клубу машыктыруучулук кызмат берди

Эсиңиздерде болсо, бир апта мурун Түндүк Европаны көздөй бет алган качкындар тууралуу видео интернетте катуу талкуу жараткан. Анда лагерден качып бараткан мигранттарды видеого тартып жүргөн оператор баласы менен полициядан качып бараткан мигрантты чалып кулатканы көрсөтүлгөн. Бул чуунун аягы жакшы жаңылык менен коштолуп отурат. Оператордон жабыркаган качкын Усама Абдель Мохсен испаниялык белгилүү клуб “Хетафенин” машыктыруучулар штабына кызматка чакырылды. Мындай сунушту “Хетафе” Усаманын мурун Сирияда бул кызматты аркалап жүргөнүн билген соң билдирген.

Кошумчалай кетсек, учурда мигранттар Түндүк Европадагы өлкөлөргө тоскоолдуктарга карабай агылып жатышат. 

Венгер операторунун качкындарга кылган мамилеси дүйнөдө катуу талкууга алынууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
M89
2015-09-18 10:40:36
"Жаман улут жаман калк болбойт, начар адам болот" деген сөз чын да. Жамандыктын арты жакшы күндөр менен улансын.
+12
kobra86
2015-09-18 11:06:35
M89, сизге кошулам
0
bek040295
2015-09-18 11:45:04
Ар бир кайгынын артында жакшылык болот деген ушулго э.Бул кишини тааныбасамда суйундум)))
+6
maks1980bishkek
2015-09-18 11:52:21
Ийгилик бутунан чалып жыгытканго.ушул ийгилиги кут болсун ,угуп ото суйундум.тиги операторго чооооон ракмат.супер ушундай окуялардын аягын жазып койгонунарга чон ракмат
+4
nelya88
2015-09-18 11:58:40
Башынан откон оор кундору артта калып,эми жаны жашоодо жакшы жетишкендиктерге жете берсин!
+6
karona
2015-09-18 12:58:12
Дуйно жузундо ушундай жакшы адамдар бар экенине суйунуп турам. Жаш баланы, аны менен кошо жукторун которуп алып качып кетип жатканда бала менен жыгылганын коруп алып ыйладым эле. Орусча айтканда Все хорошо, что хорошо кончается дегендей мындан кийин дагы жакшылык коштоп журо берсин.
+4
Bektur2
2015-09-18 13:02:56
Билимин болуп мээн иштесе талада калбайсын дегендей жакшы жоролго болуптур
+5
Odik11
2015-09-18 14:14:50
Жакшы жанылык экен !!!! Аллахым ырыскысыз койбойт пендесин.
+7
Das15
2015-09-18 18:39:05
Ыйлаба !!!сенин да кочондо бир куну той болот деген Ушул да ...
+2
kaniet
2015-09-18 20:50:16
Ылайым америкалыктар да ушинтип дуйно бойлоп тентип калса экен, ошолордун кесепети бут дуйного тийип атат, баскынчылардан, бузукулардан куралган мамлекет эч качан бироого эжакшылык алып келбейт!!!!!!!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан