17-февралдан 18-февралга караган түнү Google Translate кызматына кыргыз тили да кошулду. Бул тууралуу "Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси, дүйнөнүн мыкты 15 "уикипедиячыларынын" бири Чоробек Сааданбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 18-февралда билдирди.
"Google Translate кызматына кыргыз тилди кошуу демилгеси 2012-жылдары көтөрүлгөн. Ошондо иш башталып, бирок токтоп калган. 2014-жылы октябрь айларында кайрадан ишти жандантып иштей баштаганбыз. Бул долбоорду ишке ашырууга 700дөй ыктыярчылар тартылып, эң көп сөз которгондорго жакшы байгелер коюлган. Көбүнчө Кыргыз-Түрк "Манас", Бишкек гуманитардык университеттеринин студенттери жана "Анадолу" кыздар лицейинин окуучулары катышышты. Мунун иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүгө пайдасы өтө чоң болот",- дейт Сааданбеков.
Чоробек Сааданбековдун айтымы боюнча, бул жетишкендик ыктыярчы кыргыз жаштарынын ийгилиги. Жалпысынан 1 миллиондон ашык фраза, 4 миллионго жакын сөз которулду. Ошондой эле Сааданбеков бул кызматка кошулуу үчүн алгач кыргыз тилиндеги контентти көбөйтүү зарыл болуп, кыргыз тилдүү "Уикипедиядагы" макалалардын саны көбөйтүлгөнүн кошумчалады.