Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Азия чөлкөмү боюнча тандоо турунда "В" тайпасында жыйынтыктоочу 10-тур оюндары болот. Бул күнү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан курамасы беттешсе, Сидней шаарында Австралия курамасы Иорданияны кабыл алат.
Оюндар:
Тажикстан - Кыргыз Республикасы
Стадион: Дүйшөмбү шаары, Борбордук стадион
Башталышы:19:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион 24 миң көрүүчүнү батыра алат
Австралия - Иордания
Стадион: Сидней шаары, "Альянс Стэдиум" стадиону
Башталышы: 15:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион 45 500 көрүүчүнү батыра алат
Тайпада алдынкы 2 орунду Австралия менен Иордания курамасы камсыздады. Ал эми бүгүнкү оюнда кандай жыйынтык катталса да кийинки орундар алмашпайт. Мелдеш жадыбалына үңүлүңүз...