Эквадор мамлекетинде жер силкинүүнүн кесепетинен каза болгондордун саны күндөн-күнгө өсүүдө, учурда алардын саны 655ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде жергиликтүү "Юниверсо" басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, аталган кырсыктан ар түрдүү жаракаттарды алган 17 миңден ашуун адам медицина кызматкерлерине кайрылган. Урандылардын астында калган 113 адам куткарылып, бүгүнкү күнгө чейин 48 киши дайынсыз экени белгилүү. Чоң жоготууларды алып келген кырсыкка байланыштуу Эквадор мамлекетинин президенти Рафаэль Корреа 7 күндүк аза күтүү жарыялады.
Эскерте кетсек, 17-апрель күнү күчү 7,8 балл болгон жер силкинүүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 21-апрелде 570 адамды түзгөн. Каза тапкандардын арасында 11 адам чет элдик жарандар бар экени маалым.