6-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Лондон шаарынын мэри болуп Садик Хан шайланды. 45 жаштагы Хан 14 округдун 13үнүн жыйынтыгы боюнча 43 пайыз добуш алган. Ал эми анын башкы атаандашы, ак сөөк жана мультимиллионер Зак Голдсмит алган добуштардын пайыздык көрсөткүчү 37 пайызды түзгөн.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Хан адистиги боюнча юрист.
Учурда Хандын Лондон шаарынын мэри болуп шайланган алгачкы мусулман экени жана карапайым мигранттардын үйүнөн чыкканы кызуу талкууга алынып жатат. Анын ата-энеси кезинде Пакистандан көчүп келип, атасы автобустун айдоочусу болуп эмгектенген. Жаңы мэр 8 бир туугандын бешинчиси.