Казакстандык белгилүү продюсер Баян Есентаева май куюучу жайда бычактан жаракат алып, Алматы облусунун Талгар шаарындагы ооруканага жеткирилди. Казакстандык маалымат каражаттарынын укук коргоо органдарына таянып берген маалыматына караганда, бул ишке анын күйөөсү Бахытбек Есентаев шектелүүдө. Маалым болгондой, 10-июнда саат 12:15 чамасында май куюучу жайда Есентаева күйөөсү менен уруша кеткен. Андан соң күйөөсү аны ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген. "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.