10-июнда май куюучу жайдан бычакталып, ооруканага жеткирилген белгилүү казакстандык продюсер Баян Есентаева ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда казак басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындан аркы дарыланууну ал амбулатордук шартта өтөт. Абалы канааттандырарлык.
Кошумчалай кетсек, окуя 10-июнда катталып, бул окуяга анын жолдошу Бахыт Есентаев шектелип кармалган. Эгерде Бахыт Есентаевдин жубайы Баян Есентаеваны өлтүрүүгө аракет кылганы аныкталса, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.