Багдаддагы кош жардыруудан улам каза болгондордун саны 200дөн ашты

Багдаддагы кош жардыруудан улам каза болгондордун саны 200дөн ашты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын саны мындан да артышы мүмкүн, анткени жабыркагандардын көпчүлүгүнүн абалы оор. Каргашалуу жардыруулардан улам Ирак өкмөт башчысы Хейдар аль-Абади 3 күндүк аза күтүүнү жарыялады.

Айта кетсек, кош жардыруу 2-июлдан 3-июлга караган түнү Ирактын борбору Багдад шаарында орун алган. Жардыруулардын алгачкысы мусулман шииттери чогулган диний борборго жакын жерде болсо, экинчиси Багдаддын түндүк тарабындагы “Аш-Шааб” базарында болгон.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ бул жардырууну уюштурганын моюнуна алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан