Алмазбек Атамбаев Италиянын түштүгүндөгү поезддердин кагылышуусуна байланыштуу өлкөнүн президентине көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көп адам курмандыктарына алып келген Италиянын түштүгүндөгү жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин кагылышканына байланыштуу Италиянын президенти Серж Маттареллага көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

"2016-жылдын 12-июлунда Италиянын түштүгүндө көптөгөн курмандыктарга алып келген жүргүнчүлөр поездинин кагылышкандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын жеткирип коюуну өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан