ЭЛДИК КАБАР: Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында спирт ичимдиктери жок кылынды

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында спирт ичимдиктери жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Элди ынтымакка жана биримдикке, ыймандуулукка чакырып, спирт ичимдиктерин сатуу толугу менен токтотулду. Бул иш-чараны жергиликтүү жамаат ишке ашырып, 3-февралда 26 555 сомдук спирт ичимдиги төгүлдү. Спирт ичимдиктерин тапшырган дүкөн ээлерине ыраазычылык баракчасы тапшырылды", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
tumann.
2017-02-04 19:27:43
Дааватчылардын молдокелердин сунушу менен болуп атат да баары чыныда.бир эле колдо эмес баардык жерде аракет кылып атат алар. Биз ага да мумкундук бербей аларды кысып жок кылууга аракет кылып атабыз го терористтер деп.
+13
Omurbek998
2017-02-04 20:18:53
Азаматтар
+5
Doni99
2017-02-04 20:29:42
Kandai jakwy
+4
meni_kut
2017-02-04 21:25:21
Кана азаттык+,демейде молдолорду жамандаганга келгенде баары чыгышат,жакшы иште дудук.Колдо ичпейт дегендер озунор учун жооп бергиле,балакеттей ичишет.Кызга ачуу басарга да ящик арак алып барышчу.Дин жонундо тушунук кенейип ,азыр андайлар азайды.Азаматсынар.Спирт ичимдик жоголсун.Таза жашоо,спорт онуксун.
+13
baltabai
2017-02-04 23:11:03
Эң Жакшы жанылык
+3
Ramina-malina
2017-02-04 23:43:49
Kudaiga jakchu iw kylypsynar,bugunku kundu emes kelechekti,akyretti oilogonunarga rahmat!Allah eki duino baktyluu kylsyn!
+5
Patriotkgz93
2017-02-04 23:55:42
соонун. Алла раазы болсун бирок пивону көчөткө куйсаңар пайдасы тиет көчөткө тез чоңойот. Аракты да башка пайдалуу жактарга иштетсе болот. (только алкаштарга карматпай) кышында машиненин айнегини тазалаганы. колдогу кийимдеги ж.б красканы өчүргөнү көчүргөнү ж.б. нерселерге иштетсе болмок. и патом пайдасы тийип жоголмок
-3
Kairat.96
2017-02-05 00:39:10
Эн жакшы азаматсынар туугандар.
+3
Nazaralikarakulja
2017-02-05 01:47:35
Жакшы кабар экен эн жакшы
+3
israil
2017-02-05 01:47:35
26 555 сомду ким толойт?
-1
bek.94
2017-02-05 02:54:12
эн жакшы Аллах ыраазы болсун.
+2
semo
2017-02-05 06:01:57
Кыргызстан боюнча төксүн ушул арактарды
+4
bond02
2017-02-05 08:03:55
Колдук туугандар эми кышында кыйналат экенсинер да жайында го Кудай берет.
-5
yrysbek
2017-02-05 09:52:32
Азаматсынар, баарынарга Аллах ыраазы болсун! Кооп коп жакшылыктарды берет Аллах Сиздерге.
+1
azatbek19995
2017-02-05 12:57:02
Оштода ошондой кылса жакшы болмок коп мусулмандар кошулмак муфтият жактан ушушну карап бир нукка келсе жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан