Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Жээнбековдун эң чоң катасы - кадр маселесинде"

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбековшайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

SUPER.KG порталынын "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттердей эле кадамдарга барып жатканын айтты.

“Чечимдери боюнча Жээнбековдун башка президенттерден айырмасы жок. Тышкы саясат Орусияны көздөй жүргүзүлүүдө. Казак блоггерин экстрадиция кылбадыбы. Ошондон эле тышкы саясатыбыз Атамбаевдин, Бакиевдин, Акаевдин учурундагыдай эле марионетка милдетин аткарып жатканын билсек болот. Күч түзүмдөрү менен, сот системин реформа кылабыз деди эле. Бирок ал жерде эч кандай көрүнүктүү иш жүрбөй жатат. Тескерисинче, өзүнө ыңгайлаштырып, эски системди эле колдонуп жатат. Анча-мынча адамдарды алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби дагы деле ал тармак президенттин карамагында, коррупцияга малынган боюнча турат.

Бишкектин, Оштун мэрлерин шайлаганда да Жээнбековдун колун караган кишилерди коюшту. Коррупцияга аралашкан премьер-министрлерди, мэрлерди камаганы туура эле болуп жатат. Антпесе эл дагы түшүнбөй калмак. Бирок системдүү реформа болбогону үчүн бул да көпкө барбайт. Же эмне жарандардын баарын камап коймок беле? Жээнбековдун эң чоң катасы - кадр маселесинде. Бийликте 20-30 жылдан бери иштеп жүргөн, колунан эч нерсе келбеген кишилерди премьер-министр, мэр кылып жатат. Албетте, бул кадамга менин сөзүмдү эки кылбайт деген ой менен барып жатат деп ойлойм. Бирок бул нерсе Жээнбековдун репутациясына чоң терс таасирин тийгизет", - деди ал.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан