ЭРКЕКТИН ЖЫНЫС МҮЧӨСҮН КАНТИП ЧОҢОЙТУУГА БОЛОТ?

Жыныс мүчөнү чоңойтуу жаатындагы заманбап ыкмалар бар. Алар негизинен операциясыз жана операция аркылуу чоңойтуучу ыкмалар болуп эсептелет.

ОПЕРАЦИЯСЫЗ ЧОҢОЙТУУЧУ ЫКМАЛАР

Таблетка, мазь, крем түрүндөгү каражаттар
Буларга учурда дарыканаларда жана Sex шоптордо сатылып жаткан Erosil креми, Vig Rx капсуласы жана башкалар кирет. Баалары 10-100 доллардын тегерегинде. Булар жыныс мүчөдө кандын бат айланышына жет­­кирүүчү өс­үм­дүк заттарынан, тестостерондун жана башка кошулмалардан жасалат. Тестостеронду таблетканын курамында колдонуу организмге зыян. Мисалы, боорго, жыныс безине жана жалпы гормондордун иштөө­сүнө залакасын тийгизет. Өзгөчө 45 жаштан улуулар урологдун кылдат текшерүүсүнөн өткөндө гана колдонбосо, коркунучтуу.

Соруп тургузуучу аспап
(вакуумдук насос)
Бул аспап кан тамырды кеңейтүү менен анда кандын көп топтолушуна багытталган. Кан көп топтолгондо болсо мүчө албетте, көлөмдүү болуп калат. Бул ыкманы көп колдонууда кан тамырлар бир топ кеңейип, мүчөнү чоңойтот. Бирок, зыян алып келүүчү жагы кандын көп топтолуусунда капиллярдык кан тамырлар жарылып, мүчөнүн ичинен кан агууга алып келүүсү мүмкүн. Кээде жыйынтыгы жыныстык жактан шал болууга жеткирет. Баалары 13 доллардан 45 долларга чейин.

Жыныс мүчөсүнө кийгизилип коюлуучу шакектер
Булар аялдардын клиторун козгоо үчүн колдонулат. Ошону менен бирге мүчөнү чоңураак көр­сөт­көндөй таасир калтырат. Баалары 9-15 доллардын тегерегинде.

Жыныс мүчөсүнө жүк артуу менен чоңойтуу
Мындай ыкма дүйнөнүн ар бөлү­гүндө жолугат. Жыйынтыгы ар түрдүү болот. Мисалы, мүчөгө жарым жыл бою жүк артып жүрүүдө кээсиники 2 сантиметрге чоңойсо, кээсиники бул көр­сөт­күч­кө да жетпейт. Эскерте кетчү нерсе, бул ыкма кө­бүн­чө организми өсүп жаткан жаш балдарда колдонулат.

Гормондордун таасири менен чоңойтуу
Бул ыкма жыныс мүчөсү жактан патологияга учурап төрөлгөн наристелерге колдонулат.

Жыныс мүчөнү чоңойтууга багытталган аспаптар
Мындай аспаптардын ичинен көбү­рөөк белги­лүү­сү Andro-Penis (Андро-пенис).
Бул атайын курдун жардамы аркылуу мүчөнү чоюу аркылуу чоңойтууга багытталган. Баасы 331 доллар.

Жыныс мүчөнүн булчуңун машыктыруу
аркылуу чоңойтуу
Бул тууралуу көптөгөн рекламалар бар. Фитнес жаатында иштегендер бул ыкманы үйрөтүү үчүн 10 доллардан ашык сурашат. Бирок, дарыгерлердин көрсөтмөсүнө таянсак, бул пайдасыз ыкмага кирет. Анткени, жыныс мүчөдө булчуң жок, болгону көңдөйчөлөрдөн турат, ошондуктан, бул ыкма менен чоңойтуу өзүн-өзүн алдоо болуп эсептелет.

Гипноздун жардамы менен чоңойтуу
Гипноз менен чоңойтуу ыкмасы жаңы, көпчүлүккө маалым боло элек жана эл ишене бербеген ыкмалардан. Толук изилдене да элек. Ошондуктан, бул жаатында олуттуу жыйынтык чыгарууга эрте.

ОПЕРАЦИЯ АРКЫЛУУ ЧОҢОЙТУУ

Мындай операциялар пластикалык хирургия клиникаларында гана жасалбастан, кээ бир чоң шаарлардын урологиялык клиникаларында да жасалат.

Жыныс мүчөнү узартуу
Операция аркылуу узартууда мүчө болжолдуу түрдө 1,5-2 сантиметрге чоңоёт. Операция бир сааттан бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн жана клиникада 2-3 күн жатууну талап кылат. Операция үчүн 1000-5000 доллар талап кылынат.

Жыныс мүчөсүн жоонойтуу ыкмасы
Учурда эркектин өзүнүн булчуң же май ткандарынан алып, жыныс мүчө­нүн терисинин алдына жайгаштыруу менен жоондугун чоңойтуу ыкмасы колдонулат. Операциядан кийин эркек клиникада врачтын көзөмөлүндө узакка болуусу кажет. Операция 5 миңден 10 миң долларга чейин чапчыйт.

Силикон менен чоңойтуу
Мында жыныс мүчөгө силикон салуу аркылуу чоңойтулат. Алгач адамдын силиконго аллергиясы бар же жок экендиги текшерилет. Акысы түрдүү шаарларда түркүн баада болгондуктан, тактап айтуу мүмкүн эмес.

КИЧИНЕ МҮЧӨЛӨР КАЙДАН ЖАРАЛАТ?

Акыркы жылдары эркектердин алигисине химиялык заттар таасир бере баштады. Тактап айтканда, алар организмдеги гормоналдык шайкештикти бузат. Натыйжада, кичине мүчөлүү балдар төрөлөт. Ошондуктан, айрыкча кош бойлуу аялдар жана жыныстык жактан жетилип жаткан өспүрүмдөр химиялык нерселерден мүмкүн болушунча алыс болуулары кажет.
Химиялык нерселер: түрдүү жуучу порошоктордо, химиялык заттар менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерде, клейлерде, бензинде, арзан шампундарда жана башкаларда кездешет.

«АЛИГИСИН» ЧОҢОЙТУУНУ КААЛАГАНДАРДЫН ЭСИНЕ!

Жыныс мүчөсүн чоңойткусу келгендер түрдүү рекламаларга, табыптардын жардамына ишенбей, укканы боюнча ыкмаларды колдонууга барбай врачтын гана кеңешине кайрылуусу кажет. Дарыгер эркектин жашын, гормоналдык деңгээлин, ооруусу бар же жок экендигин жана башка себептердин баарын тактаган соң гана кеңешин бере алат.
Мүчөнү чоңойтуу максатында өз алдынча теринин алдына ар түрдүү гелди, пастаны салуу оор жыйынтыктарга алып келет. Мисалы, жыныс мүчөнүн терисинин түшүп калуусуна же жыныс мүчөнүн коппой калышына жеткирет. Мындай учурда жыныс мүчөнү сактап калуу жана жана анын функциясын калыбына келтирүү үчүн операция жасоого туура келет.
Жогоруда бир нече ыкмалар көр­сөтүлүп кеткени менен илимде жыныстык мүчөнү чоңойтууда операция гана толук ишенимдүү ыкма болуп эсептелет.
Аягында айтаарыбыз, кеп эркектин жыныс мүчөсүнүн чоңдугунда эмес, сүйүү сезиминде, анан кошулуудагы ыкмаларды колдоно билүүсүндө.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

Эркектин чоң жыныс мүчөсүн даңазалап тургузулган алгачкы эстелик биздин эрага чейинки 5-кылымга, шумерлерге (азыркы Ирактын түштүгү) таандык.

Таш жана металлдан жасалган нерселерди асып жүрүү менен жыныс мүчөнү чоңойтуу идеясы Байыркы египеттиктерге тиешелүү. Индиянын Ганг дарыясынын жогору жагында Жер шарындагы эң таңкалаарлык маданият сакталган. Ал жердин жашоочулары жаш балдардын ичинен кээсин тандап алып, жыныс мүчөсүнө артылган жүктүн салмагын аздан жогорулатып отуруп, адам ишенбегидей узундукка дейре жеткиришет. Ал балдар жигиттик мезгилге жеткен кезде жыныс мүчөлөрүн зым сымал бурап, кичине баштыкчага салып жүрүшөт. Баштыктан бошоткондо жыныс мүчө тизеге жете же андай ылдый салаңдап калат. Бирок, мындай жигиттер аялды уруктандырууга жөндөмсүз болуп калышкандыктан, аталган ыкманы жаш балдардын баарына колдоно беришпейт.

Материалды даярдоого салымын кошкондугу үчүн врач-сексопатолог Аскаров Күлчорого ыраазычылык билдиребиз.

Даярдаган Эрмек Эсенгулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 190, 23-29-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан