Бир бүркүм... БАТКЕН КЕНГЕ БАЙ...

  • Энергетика министри Аскарбек Шадиев электр энергиянын өз баасы 20-февралда такталып бүтөрүн билдирди. Учурдагы өз баасы орточо 46 тыйынды түзөт.
  • Кыргызстан быйылкы жылы Өзбекстандан жаратылыш газынын 1000 метр кубун 223 доллардан сатып алат. Бул баа былтыркы жылга салыштырмалуу 19 долларга арзан.
  • Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн жана акын Алыкул Осмонов каза болгон 12-декабрды Кыргыз улуттук адабият күнү деп кабыл алуу Жогорку Кеңеште каралууда.
  • “Газпром Нефть Азия” ишканасы күйүүчү майдын баасын 50 тыйынга арзандатты.
  • Баткен облусунун пайдалуу кендеринин баасы 65-70 триллион доллар турарын «Тоо өнөр жайчы жана геологдор» ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев айтты.
  • Орусиянын укук коргоо органдары Москвада 30 кыргызстандык кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке кагышты.
  • Жаратылыш ресурстар министрлиги акыркы 13 жылда кен иштетүү боюнча ар кандай компанияларга 1057 лицензия берген, бирок бирөөсүндө дагы өндүрүш иши жөнгө салынган эмес.
  • УКМК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда колго жасалуучу куралдардын устаканасы бар экенин аныктады.
  • Мусулмандар диний башкармалыгы жаңы уставдын долбоорун иштеп чыгышат.
  • Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү демилгесин Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков сунуштады.
  • “Сүлүктү көмүр” акционердик коомунун жумушчулары кызматтан алынган директорду кайра ордуна кайтаруу үчүн митинг уюштурушууда.
  • Депутат Курсан Асанов июнь окуясында дайынсыз жоголгон 31 кишинин тагдыры ушул күнгө чейин белгисиз экенин билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан