Казакстандын бийликчил “Нур Отан” партиясы ансыз деле “түбөлүктүү президентке” айланган Нурсултан Назарбаевдин мамлекет башчылыгын 2020-жылга чейин узартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Абиштин ажо уулу былтыркы жылы 70ке чыкканын эске алсак, анда Жараткан өмүрүн берсе, сексенинде дагы бийликте калгысы келет өңдөнөт.
Борбор Азиянын президенттерине бийликке келгенде так атасынан калган баштанып, таажыны чечүү азапка айланат. Түркмөнбашы Сапармурат Ниязов көзү өтүп кеткенине байланыштуу бийлик кезектеги адамга өткөн. Кыргызстандын эки ажосу куулуп, аргасыздан гана тактыны башкаларга беришти. Ал эми Казакстан, Тажикстан менен Өзбекстандын ажолору ааламды сел алса да, кылы кыйшайбай турган чактары... Бул жагынан алганда кең Орусияны муштумунда кармаган Путин деле мөөнөтү бүткөн соң тактан кетпедиби.
Бул аралыкта “Манас Ордо” коомунун президенти Анарбек Усупбаев казак баурдастардын демилгесине шыктанып кеткенби, “Роза Отунбаеванын президенттигин дагы 5 жылга узартуу керек” деп чыкты.