Жергиликтүү экономисттер кыргызстандыктардын бир жылдын ичинде тойлорго кетирген чыгымын эсептеп чыгышты. Алардын айтымында, баары биригип орто эсеп менен 300 миллион долларды түзөт. Өз учурунда бул көрсөткүч бир жылдык бюджеттин төрттөн бир бөлүгүнө туура келет. Эгерде 300 миллион долларды Кыргызстандын
5 миллион калкына бөлсөк, ар бир тургундун башына орточо 3 миң сомдой туура келет. Мындайда коңшу Тажикстандын мыйзамы эске түшөт.
Тажиктер той-аштарга кеткен чыгымды кыскартуу боюнча атайын мыйзам кабыл алып, 3 миллиондон ашуун доллар үнөмдөшкөн. Былтыркы жылы тажикстандыктар той-ашка 90 миллион доллар сарпташыптыр. Эскерте кетсек, 2007-жылы Тажикстанда “Салт боюнча салтанат жана той өткөрүүнү иретке келтирүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага баш ийбегендер айып пул төлөөгө мажбур болуп же кылмыш ишине тартылышат.