ОТОРБАЕВДИН КҮЧ-КУБАТЫН ТЕКШЕРМЕЙ БАШТАЛДЫ

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев бийликчил телеканалга жетекчи болуп келгени кыйла жылыштар башталганын моюнга алуу кажет. Дайыма бийликтин гана камчысын чаап келген өлкөбүздөгү ири телеканалды Коомдук статуска өткөрүүнү жаңылануунун башаты десе болот.
Ошол Коомдук телеканалда “реформа баштайм” деп шымалана ишке киришкен Кубат мырзаны туш-туштан тепкилегендер көбөйдү. Илгеркидей Ак үйдүн «микрофону» болбой, КТРКнын бүгүнкү редакциялык саясаты эки тарапты тең чагылдырууга басым жасай баштады. Жаңылыктарынын багыты өзгөрүп, дос-душманына тең караган учур келди.
Ал эми шайлоо учурунда мурун болуп көрбөгөндөй калыстыкты кармап, позиция-оппозициясына карабай бардык партияларга эфирден орун берилип жатты. Ага чейин оппозициячылар акчасын көтөрүп барып да КТРКнын имаратына жакын жолой алышчу эмес. Аны унута элекпиз да!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 428, 14-20-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан