Жогорку Кеңеш иштей баштаган күндөн тарта ар жыйында түрдүү “фокустары” менен “ар-намысчы” Акылбек Жапаровдун аты чыгууда. Бул сапар мурдагы биринчи вице-премьер Каржы министрин бюджеттин долбоору боюнча докладды кыргыз тилинде даярдап келүүгө чакырды. Ай, азамат, бул алгылыктуу демилге! Сөз жок, колдойбуз. Бирок ошол эле “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов эне тилин эжелеп араң сүйлөөрүн унутуп салабызбы? Кадимки кыргыз тилин “темир генерал” алигиче үйрөнө албай жүргөндө, экономикалык терминдер менен кеңири коштолгон бюджетти министрлик кыргызчалай албай шору шорподой кайнайт го, чиркин. Сыягы, Жапаров мырза кожоюнуна карап иш кылбай калган көрүнөт. Бали!