АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

КАЗАК ЧЕК АРАЧЫСЫ КЫРГЫЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТАГАНБЫ?
ТИМдин билдирүүсүнө караганда, Казакстандын Ак-Төбө облусунун “Жайсаң” станциясында болуп өткөн кыргыз кызына байланышкан иш аягына чыкпай жабылды. Эске салсак, 2010-жылдын 22-сентябрында Ак-Төбө-Москва багытындагы каттам менен Орусияга жол тартып бара жаткан А.Д. аттуу кыргыз кызын чек ара кызматынын капитаны А.Байбусинов зордуктап салганы тууралуу маалымат тараган.
Маалыматтар боюнча, чек арачынын кылыгына жиндери келген кыргызстандыктар поездди 9 саатка чейин кармап, иш козгоону талап кылышкан. Эми күнөөнү моюнуна коюп берүүчү жабырлануучунун Орусияда экендиги шылтоо болуп, далил-көрсөтмөлөрдүн жетишсиздигине байланыштуу ишти жаап салышыптыр.

АРТИСТ ӨСПҮРҮМ КЫЗГА АСЫЛЫП...
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Анатолий Рябов 14-январда өспүрүм кызга «тийишкени» үчүн Москвада кармалган. Билдирүүлөргө таянсак, ага “64 жаштагы пианист
13 жаштагы окуучусу сабакка келгенде бетинен өөп, тизесине отургузуп алып сылачу”
деген айып тагылууда.
Анатолий Рябов Кыргызстанда бир нече жыл жашап, Искусство институтунда кафедра башчысы болуп иштеген. 1986-жылы доцент наамын алгандан кийин Москвага көчүп кетип, Музыкалык-педагогикалык институтта фортепианодон сабак берчү.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

МАШИНАСЫН ТЕТИКТЕРГЕ БӨЛҮП САТЫШКАН
6-январда милиция кызматкерлерине “Сокулук районундагы Арал айылында белгисиз эркек адамдын денеси жатат” деген маалымат келип түшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында маркум Бишкектеги Аламүдүн-1 кичирайонунун 27 жаштагы тургуну А.Э. болуп чыкты. Ал 2010-жылдын 23-декабрында Мерседес-230 унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул иш боюнча Чүй облустук жана Сокулук райондук ИИБи тарабынан шектүү катары Бишкек шаарынын эки тургуну кармалды.

МЫЙЗАМСЫЗ САКТАЛГАН КУРАЛДАР
16-январь күнү Кемин РИИБинин кызматкерлери аталган шаарчанын 37 жаштагы тургунунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган ИЖ-18 мылтыгын табышкан.
Ошондой эле Токтогул РИИБинин кызматкерлери Кара-Көл шаарынын 50 жаштагы Л.А. деген тургунунун үйүнөн да мыйзамсыз ИЖ-43 мылтыгын табышкан.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ӨЗ КЫЗЫН ӨЛТҮРҮШКӨН
49 жаштагы Елена менен 48 жаштагы жолдошу Сергей Кыргызстандан Орусияга көчүп барышкан эле. 7-январда алардын үйүнө кызы Александра конокко келет. Александра кулагына кандайдыр бир үндөр угулуп жатканын айтат. Кайсы бир сектанын мүчөсү болгон ата-энеси кызынын жан дүйнөсүн тазаламак болушуп 5 литр сууну кыйнап ичиришет. Анан эс-учун жоготуп койгон кызынын үстүнө секирип жатышып, өлтүрүп коюшкан. Мыйзам боюнча, аларды 15 жылга камак күтүп турат.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

101 билдирет

КВАРТИРА КҮЙҮП КЕТКЕН
Токмок шаарына караштуу 3-кичирайонунун №70-үйүнүн 60-квартирасы толугу менен өрттөнүп кеткен. Квартира Б.Басылбековага таандык болгон. Өрт өчүрүү кызматкерлери ичинен 3 адамды сактап калышкан. Кырсыктын чыгуу себептери изилденүүдө.

ЖЫЛЫТКЫЧТАРДЫ ТУУРА ЭМЕС ПАЙДАЛАНГАН
18-январь күнү Бишкек шаарындагы Жамгырчинов көчөсүнүн №160-үйүнөн электр жылыткычтарын туура эмес колдонгондуктан өрт чыккан. Үйдүн ээси Дуюнов В.А. 2-даражадагы күйүк алган.

ҮЙДҮН ЧАТЫРЫ ЖОК БОЛГОН
18-январда саат 17:55тер чамасында Сузак районундагы Дөң-Көпүрө айылынын Сыдыков көчөсүндөгү №138-үйүндө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен үйдүн чатыры, 200 боо чөп, 200 боо жүгөрү бакалдары күйүп кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан