Популярдуу ырчы жана актриса Вера Брежнева үй-бүлөсү менен Киевдин Конча-Заспа деп аталган элиталык районунан килейген особняк сатып алды. 5000 чарчы метр жерден орун алган особнякта бассейн, спорт залы, жер төлө алдындагы гаражы бар. Так эмес маалыматтар боюнча, бул вилла боксчу Виталий Кличкого таандык. Баса, бул райондо София Ротару сыяктуу атактуулар жашашат.