“Атактуу ырчы София Ротару 35 жылдан бери кургак учук оорусунан жабыркап келет. Жылына эки жолу химиотерапия курсун алып турат” деген маалымат күч алып келген. Жакында бул маалыматты ырчынын уулу Руслан Евдокименко жокко чыгарды. Ал: “Апамдын оорусу тууралуу маалымат – болбогон кеп. Ал учурда эжеси менен жылуу өлкөлөрдүн биринде эс алып жүрөт”,- дейт.