Стас Пьеха, Наталья Подольская, Юлия Михальчик, Зара, Согдиана, Александр Киреев сыяктуу популярдуу ырчылар жана «Тутси», «К.Г.Б.», «Челси» аттуу топторду таанып, ырларын угуп келебиз. Мына ушуларды калың элге тааныткан орусиялык таланттуу продюсер жана композитор Виктор Дробыш «Орусиянын Эмгек сиңирген артисти» наамына ээ болду.