“Кызыл өрүгү” менен таанылган ырчы Мирлан Баеков учурда жакшы бир ийгилигине кубанып жүргөн чагы. Жаңы жыл алдында берген эки күндүк жеке концерти майлуу-сүттүү өткөн бейм. Анткени ал көптөн бери самап жүргөн күлүгүн алганга жетишиптир. Буга чейин жөө жүргөн Мирлан эми боз түстөгү Ниссан Сефиродо гана чалкалап жүрөт го, чиркин. Баеков темир тулпарым ак жолтой, күлүк болсун деп кан чыгарып жакындарынан бата алды. Эми ырчы ушул дем менен Көл тарапты көздөй концерт берүүгө аттанууда.