Сегиз ажарлуу, белгилүү ырчы айымдан түзүлгөн “Досторго” тобу үч адамга кемиди. Алардын бири Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева үй-бүлөлүк шартына байланыштуу чыгып кетсе, Гүлбүбү Иманалиеванын турмушка чыгуусу топто ырдабай калуусуна себеп болду. Ал эми Дилшат Кангелдиева ден соолугуна байланыштуу убактылуу ырдабай турууну туура көрдү. Калган бешөө: Салима Балтаева, Гүлзат Байзакова, Айчүрөк Султанова, Нуриза Абазова жана Жайнагүл Калчаева чыгармачылыкта тыныгуу жасабай иштеп, жакын арада өтүүчү топтун жеке концертине камынып жатышат.