Бир айдан бери ободон бир булбулдун жагымдуу үнү чыкпай калды. Кышында ал булбул жылуу жерге кирип, чыкпай калган го деп издеп, ди-джей жана ырчы Чыңгыз Мырзаевге “ой, каякта жүрөсүң?” деп байланыштык. Анда Чыңгыз мырза: “Мен жыргап эс алып жүрөм. Башкалардай Дубайга же Антальяга барып эмес, бир туугандарым менен ата-энемдин кашында, уйкунун сазайын берип жатам. Сөз бирдигим азайып баратты эле, балансымды толтуруп, анан эфирге чыгам”,- дейт тамашалай.