Эквалайзердей жаны тынбай чуркап, иштеп да, окуп да жүргөн ырчы Чолпонай “өзүмдү калыбыма келтирбесем болбойт” деп машыгуу залына бара баштады. Буга жакында тартуучу жаңы клиби да себепкер болуп турат. “Эргүү сезимдер” деп аталган жаңы ырына клип тартуу үчүн арыктоо керектигин продюсери айтып, учурда Чолпонай салмак азайтуунун аракетинде. Спорт залына барып жүргөн ырчы кыз канчалык өзгөрөрүн убакыт көрсөтөт.