Омар Омар эмес, азамат! Ооба, азамат! Ал жакында казак боордошторго конокко аттанууда. Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Казакстандын жүрөгү болгон Астанада өтүүчү VII Кышкы Азия оюндарына арналган “Астана даусы” Эл аралык фестивалы өтөт. Фестивалга дүйнөнүн 64 өлкөсүнөн ырчылар келип таланттарын тартуулашып, өз өлкөсүн көрсөтүшөт. Ал эми Кыргызстандын жүзү болуп ырчы Омар бармакчы. Омар мындай маанилүү миссияны татыктуу аркалайт деген ишенимдебиз.