16-январь күнү жыл сайын өткөрүлө турган “Алтын глобус” сыйлыгын тапшыруу аземи Беверли-Хиллзде болуп өттү. АКШнын Кино сынчылар ассоциациясы уюштурган “Алтын глобустун” 68-салтанатын көптөр күткөн эле. “Жылдын эң мыкты тасмасы” атагын Дэвид Финчердин “Социалдык тармак” тасмасы жеңип алды. Мыкты сценарийи үчүн Аарон Соркин сыйланса, мыкты саундтрек үчүн Трент Резнор менен Аттикус Росстордун аттары аталды. Ал эми жылдын мыкты актёру Колин Ферт (“Падыша сүйлөйт” тасмасынын баш каарманы), мыкты актриса Натали Портман (“Кара ак куу” тасмасында башкы ролду аткарган) деп табылды.