ЖОЛ БОШОТКУЛА, ШВАРЦЕНЕГГЕР КЕЛАТАТ!

Губернаторлук кызматтан кеткен Шварценеггер өзүнүн актёрдук кесибине жаңы күч менен киришип, алдында турган үч чоң долбоордун бирин тандады. Жакында тартыла турган “Бүркүттүн канатындай” аттуу тасманын башкы ролун ойномокчу болду. Эсиңиздерде болсо, 2003-жылдан 2011-жылга чейин Арнольд Калифорния штатынын губернатору болчу. 3-январда ал өзүнүн креслосун Жерри Браунга өткөрүп берген. Бул жылдары таланттуу актёр киного тартылган эмес. Болгону, үстүбүздөгү жылы Сильвестр Сталлоненин “Ээ-жаа бербегендер” тасмасында эпизоддук роль аткарган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан