Бир бүркүм... ГУБЕРНАТОРЛОР АЛМАШТЫ...

  • Президент Роза Отунбаева эс алуудан кийин ишке киришери менен АКШнын мамлекеттик катчысынын кызматкери Сьюзен Эллиотт жетектеген делегацияны кабыл алды. Анда Кыргызстандын чек арасын коргоону жакшыртуу үчүн жардам берүү талкууланды.
  • Өлкөдө кары кишилердин саны 565 миңди түзөт. Жаш боюнча пенсиянын орточо көлөмү 2954 сомдон турса, кары кишилердин айлык жашоо минимуму 3146 сомго барат.
  • ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков буга чейинки кесиптештерин, тактап айтканда, 1987-жылдан тарта ЖКны башкарган Төрагалардын кеңешин негиздеди. Жолугушууга Алманбет Матубраимов, Ишенбай Кадырбеков, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Өмүрбек Текебаев жана башкалар катышты.
  • Коопсуздук кеңеши жоюлуп, анын ордуна президенттин буйругу менен Коргоо кеңеши түзүлдү. Ага баш-аягы 13 бийлик өкүлү кирди.
  • Башкы прокуратура Жаныш Бакиев жана Максим Бакиевдин ортосундагы сүйлөшүү далили боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал тууралуу башкы прокурор Кубатбек Байболов билдирип, аудиожазуу жасалма эместигин айтты.
  • Энергетиканын мурунку министри Осмонбек Артыкбаев “Кыргызалтын” ААКсынын башкаруучу төрагасы болуп дайындалды.
  • “2011-жылы ИДПнын көлөмү 238 миллиард сом болот”,- деп Экономикалык тескөө министрлиги билдирди. Өнүгүүнүн локомотиви курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары болушу керек дешүүдө.
  • Бишкек аскердик соту Аксы окуясы боюнча сот ишин кароону 20-январда баштады.
  • “Кыргызстанда пара берүүнүн орточо көлөмү 20-50 миң сомду түзөт”,- деп билдирди Паракорчулукка каршы ишкердик кеңеши.
  • Бишкек Жылуулук электр борбору ушул күнгө чейин Казакстандын банктарынын биринде күрөөдө турат”,- деп көз карандысыз серепчи Расул Умбеталиев билдирди. Анын айтымында, күрөөнүн баасы 100 миллион доллар турат.
  • 4-январда каза болгон милиция кызматкерлеринин жакындарына президенттин атынан анын кеңешчиси Султан Раев көңүл айтып, материалдык жардам көрсөттү. Андан сырткары ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев аларга турак жай бөлүп берүү каралып жаткандыгын айтты.
  • Кыргызстандагы Тажикстандын элчиси Асомудин Саидов Бишкек шаарындагы Айни көчөсүнүн аталышын башкага которбоону суранды. Ал белгилүү тажик жазуучусу жана окумуштуу Садриддин Айнинин ысымынан коюлган.
  • Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин токтому менен Мирбек Асанакунов Ысык-Көлдүн губернаторлук кызматынан кол жууп, анын ордуна Нурдин Абдылдаев дайындалды. Ал башында ишкердик менен ийгиликтүү алектенип, 2005-жылы депутат болуп шайланган.
  • Баткен облусу да жаңы губернаторлуу болду. Буга чейинки Султанбай Айжигитовдун ордуна “ак жолчу” депутат Арзыбек Бурканов жаңы кызматка орношту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ziko1
2012-03-14 16:47:56
Тайна кыргызской нефти в Баткенской области!
Парадокс! У нас нефть и вода - БЕСПЛАТНО! А, у них голубое топливо-платно!
Обстановка вокруг нефтяных скважин в Баткенской области накалилась до предела. Как социальная, так и экологическая. Делимитация границы на этих участках давно проведена, но судьба этих сооружений остается неясной. Во всяком случае, для Кыргызстана.
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан