1-МАЙДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ

Быйылкы жылдын 1-майынан тарта билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлерге айлык төлөөнүн жаңы шарттары иштей баштайт. Ал эмгекти саат боюнча эсептөө менен чыгарылмакчы. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков сунуштаган системага ылайык, мугалимдердин айлык акысы 2-3 эсеге көбөйтүлөт. Министрдин айтымында, педагогикалык окуу жайды аяктаган ар бир бешинчи бүтүрүүчү гана мугалим болууда. “Алар да мамлекеттик бюджеттин эсебинен билим алгандыгы үчүн аргасыздан иштешет”,- дейт министр.
Маданият жана спорт тармагында эмгектенген кызматкерлердин да айлыктары 3 эсеге чейин көтөрүлмөкчү. Жогорку категориялуу машыктыруучулар 8 миң сом ала турган болсо, республикалык маданий мекеменин жетекчисине 10 миң сомдой төлөнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан