НИКОЛАЙ РАСТОРГУЕВ

Жаш баладан тартып аскер кызматкерлерине чейин “Любэ” тобунун “Атас”, “Комбат” деген көпчүлүккө сиңимдүү ырларын жакшы билишет. Демек, кызыгуу бар. Бул ырларды жүрөккө жеткире ырдаган топтун башкы солисти Николай Расторгуевдин өмүрү, чыгармачылыгы туурасындагы макала сизди да кайдыгер калтырбаса керек...

КАРЫНДАШЫНЫН “БАЛА БАГУУЧУСУ”
Николай Расторгуев 1957-жылы 21-февралда Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында Вячеслав жана Ольга Расторгуевдердин үйбүлөсүндө төрөл­гөн. Наристе кезинде өтө жоош болгондуктан, апасына көп түйшүк жараткан эмес. Бир аз чоңоюп калгандан тарта карындашы Ларисанын «бала багуучусу» болууга да жарайт. Анын сүтүн берип, тамагын даярдап, апасы жумуштан келгенче үйдү жыйнап отуруу кичинекей Колянын милдети эле. Бирок, мектепке бара баштагандан тарта анын шоктугу күчөп, өзү теңдүү балдарды ыйлаткан учурлары да көп эле болгон. Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар эле окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң «5» деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу.

КЕСИП ТАНДОО
Мектепти аяктаган соң Николай жакындарынын берген кеңештерине баш ийип, Москва технологиялык институтунун жеңил өнөр жай тармагына тапшырат. Ошол кезде эле музыкалык аспаптарда кол ойнотуу өнөрүн таштабастан «Алты жаш адам», «Ырларга салам» деген вокалдык аспаптар ансамблдеринде иштечү. Эң кызыгы, учурда мекен сакчыларын даңазалап ырдаган Николай аскердик кызмат өтөөнү каалаган да эмес жана кызмат өтөгөн эмес.

«ЛЮБЭ» ТОБУ ЖАНА АТАКТУУЛУК
1989-жылдын 14-январы – аталган “Любэ” тобунун туулган күнү. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы «Батька Махно», «Люберцы» аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун табат. Эки жылдык гастролдук сапарынан кийин айтылуу «Атас» альбому жарыкка чыккан. Топтун ийгиликтерине Николайдын түздөн-түз салымы чоң экендигине далил катары алардын 3 жыл ичинде койгон 800 концертиндеги 3 миллиондон ашык калктын “Расторгуев, сен мыктысың!” деп колдоп турушкандарын айтууга болот. Ал эми 1994-жылы чыккан “Любэ аймагы” кинофильминдеги жараткан ролу Николайга дагы бир топ күйөрман арттырууга жардам бер­ген. Андан тышкары, ырчы “Чек”, “Ала түстүү жай” сыяктуу кинотасмаларда роль ойногон.
Айта кетчү нерсе, 1939-жылдардагы аскердик форма үлгүсүндөгү кийимди сахна кийими катары алып жүрүшүнө Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёванын кеңеши түрткү болгон.

ТУРМУШУНДАГЫ ЭКИ АЙРЫ ЖОЛ
Музыкант Николай Расторгуев өзүнүн бойдок кезин таптакыр элестете албайт. Себеби, ал 19 жашында эле үйлөнүп алган. Биринчи жубайы Людмила менен 15 жыл чогуу жашап, Павел аттуу уулдуу болгондон кийин 1990-жылы ажырашып кетишет. Бирок, кайра эле ошол расмий ажырашуу болгон күнү үй­бүлөнүн очогун өчү­рүүгө түрткү болгон өзүнөн 13 жашка кичүү сүйгөнү Натальяга баш кошот. Николайдын мындай кадамга барышын көпчүлүк: “Атактуулук алып келген дөөлөтүн көтөрө албай көөп кеткенинен”,- деп да жүрүшөт. Ал эми ырчы буга “сүйүп калсам кантейин...” деп гана жооп берет. Наталья экөөнүн ортосунда да Николай аттуу уулу бар. Ошол эле учурда эл арасында “2004-жылдан бери Николай Расторгуев менен актриса Ольга Драздованын ортосунда чоң сүйүү романы бар. Ольга да үйбүлөсү менен Николай үчүн ажырашкан” деген ушак-кептер айтылып келет.
Ырчынын тун уулу Павел – учурда жеке ишкер. София аттуу кызы бар. Ал эми Николайдын кичүү эрке баласы Коля – мектеп окуучусу. Николай Расторгуев учурда түшүн­бөстүктөрдүн айынан биртууган жалгыз карындашы Лариса менен таптакыр сүйлөшпөйт.

АР АДАМДЫН МҮНӨЗҮ АР БАШКА
Ырчы Николай Расторгуев өзүнүн жөнөкөйлүгүн, адамдар менен бат тил табышып кеткендигин жана мекенин сүйгөндү­гүн баалайт. Андан тышкары, ырым-жырымдарды, салт-санааларды бекем кармагандыгын да жактырат. Мисалы, качан гана болбосун дайыма биринчи сол жак бут кийимин киет. Кээде адашып оң жагын кийип алса, эринбей туруп кайрадан чечип, сол жагын алгач кийип алууну адатка айландырган. Ошондой эле алыскы сапарга аттанаар алдында Николай эч качан сакалын албайт. “Бул шарттарды аткарбасам, жолум болбой калат”,- дейт бул туурасында ырчы.
Ал эми өзүндөгү жактырбаган сапаттарына эң биринчи кезекте эрксиздигин кошот. Мисалы, бала кезинде эле тамеки тартканды үйрөнүп алып, азыркыга чейин таштай албай жүрөт. “Мен жаңыдан тамеки тарта баштаганда эле аны кайра таштоого аракет кылып көргөм. Таштоого эрким жетпей, 3 тыйындык сасык чылымдарды да чегип жүрдүм. Эми таштаганга алым жетпесе да, кымбат, жагымдуу жыты бар тамекилерди сатып чеккенге мүм­күн­чүлүгүм бар. Мурдагыдай көп чегүүдөн акчамды аябайм. Бир тартканда 6 даанага чейин тынымсыз чеге берем. Бул – менин эң башкы кемчилигим”,- дейт бул туурасында Николай. Ал гана эмес, кээде тамекисин тиштеген бойдон уктап калган күндөрүнүн да болгонун эскерет. Ырчынын дагы бир кемчилиги – албетте, акыркы күндөрү ичкиликке берилип кетип, денсоолугуна чоң залал келтиргени. Мунун айынан толук үч жылдан бери алкоголго ууланган бөйрөктөрүнүн азабын чегип келет. «Акыркы күндөрү Николай донордук бөйрөктүн табылышын күтүп жасалма бөйрөктөрдүн жардамы менен жашап келет» деген да маалыматтар бар.

ДОСТОРУ ЖАНА КАСТАРЫ
Николайдын шоу-бизнестеги жакын досторуна Игорь Матвиенко, Никита Михалков, Валерий Сюткин, Андрей Макаревич, Михаил Боярский, Иосиф Кобзон жана башкалар кирет. Ырчы бош убактысыныда достору менен бильярд ойноону баарынан жакшы көрөт. Алтургай бильярд оюну боюнча бир канча турнирлердин жеңүүчүсү аталган. Ал эми Николайдын эң биринчи жана жападан-жалгыз душманы катары “dni.ru” интернет сайтынын башкы мүдүрү Максим Кононенко саналат. Мындай жыйынтыкка Николай Максимдин «Любэ» тобунун башкы солистин көргөн сайын кыжырым келе берет. Мен аны жек көрөм” деп айтканынан кийин келген.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 299, 25-31-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан