КАЗЫНАДАН КАБАР ЖОК

Жаңы жылды да майрамдадык. Карапайым калк 3-январдан тарта жумушка чыгып, ал эми бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңеш “аймактарды кыдырып келүү” шылтоосу менен январдын онунан кийин ишке чыкты. Ал ортодо депутаттар төрагасы баш болуп, биягы Каракол, тиягы Дубайга чейин барып эс алып келишти.
Январь бүткөнү калды, бирок депутаттар быйылкы жылдын бюджетин дале бекитише элек. Экинчи жолу коалицияны түзүү учурунда депутаттар бийлик үчүн күн-түнгө карабай иштешкен. Кезек элдин муктаждыгына жеткенде, бюджетти бекитүүгө жакшы көңүл, убакыт бөлүп, бат иштейли деген киши жок.
Ызгаардуу кышка карабай көчөгө чыккан мугалимдердин, медиктердин айлык көтөрүү талабы мына ушул бюджеттин бекитилишинен көз каранды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
sweetypie
2011-01-28 17:30:36
Айлыкты которуу бир эле мугалимдерге эмес бюджеттик мекемелердин баарына эле аябай зарыл бирок акчанын булагы жок болгондон кийин кантип которот.Буларга ишенсен кочодо каласын!
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан