Кыргызстанда кургак учук илдетинен жабыркагандардын саны 5434 кишини түзөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 427 адамга көп. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков таратты.
Өлкөнүн илдетке чалдыга элек жарандарын коргоо максатында “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Ага ылайык, эми абактан чыккан кургак учук оорусун алып жүрүүчүлөр дарыланышпаса, административдик жоопкерчиликке тартылышмакчы.