КУЛОВ «АМЕРИКАНЫ АЧТЫ»

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов оппозицияга өтүп жатып, жакын арада журналисттерге коррупциялык схемаларды, ачык айтканда, “сол чөнтөктөргө” казынанын акчалары кантип келип түшөрүн көрсөтүүнү убада кылган. Самандай сапырылган акчалардын кайсы мекемелерде жоголорун айтып чыкканы менен, Феликс мырза паракорлордун ысымдарын атабады.
Анын айтымында, бул коррупциялык схемаларды жоюу менен бюджетке кошумча 300 миллион доллар алып келсе болот. Эртеси эле Кулов ашкере кылган схеманы жокко чыгарууга аракет кылгандар пайда болду. Мамлекеттик курулуш агенттиги документте көрсөтүлгөн аларга байланыштуу жагдайлар чындыкка дал келбейт дейт. Кулов көрсөткөн документте “архитектуралык ведомствонун кызматкерлери ар бир кадам үчүн акча талап кылышат” деп айтылган. Агенттик жаңы “Единое окно” системасына ылайык иш жүргүзүлөрүн, анда эч кандай паракорчулук схемалардын жоктугун айтып чычалоодо.
Маалымат үчүн: Феликс Кулов алып чыккан коррупциялык схемалардын 1-бөлүгү 15 багытты камтыйт. Паракорчулукка эң көп малынган деп бажы кызматы (4,5 миллиард сом) аталган, андан сырткары күйүүчү май ташуу системасы (3 миллиард сом) да бар. Баары биригип экономикалык жоготуу 20 миллиард сомдон турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaku
2011-01-21 22:07:42
ужас ач коздордун баарысы ошол жакта турбайбы
0
sweetypie
2011-01-28 10:49:19
Кулов Мырзаны Бажы кызматынын башчысы кылып шайласак Кыргызстан онугуп кетчудой корунот анда!
0
№ 429, 21-27-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан